Жалал-Абад жана Оренбург облустары кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
7 август

Жалал-Абад жана Оренбург облустары кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Жалал-Абад облусу менен Россия Федерациясынын Оренбург облусунун ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Документке бүгүн, 7-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VIII Кыргызстан–Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргызстан–Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында кол коюлган.

Меморандумга КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу жана Россиянын Оренбург облусунун санариптик өнүктүрүү жана байланыш министри Евгений Моисеев кол коюшту.

Аталган меморандум эки аймактын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, инвестицияларды тартууга, өнөр жай, айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, маданият жана башка тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.