Нарын милициясы жасалма акча колдонгон жаранды кармады
2025-жылдын 11-август күнү саат 11:55 чамасында Нарын шаарындагы дүкөндөрдүн бирине жашы 25-30 чамасындагы белгисиз эркек киши колуна ымыркай баласын көтөрүп кирип, жалпы баасы 175 сомдук товар алып, сатуучуга жасалма 1000 сомдук купюраны берип, 825 сом кайрытып алгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.
Аталган билдирүү Нарын ШИИБ тарабынан каттоого алынып, текшерүүнүн жүрүшүндө, шектүү – Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 2003-ж.т. А.С. экени аныкталды. Ал август айынын башында ижарага алган «Субару Легаси» автоунаасына EPSON үлгүсүндөгү принтерин салып, ар кайсы аймактарда (Жалал-Абад, Балыкчы, Сокулук) жана Нарын шаарында жасалма акча менен соода кылып жүргөнү белгилүү болду.
11-август күнү Нарын ШИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан шектүү кармалып, автоунаасынан EPSON принтери жана даярдалган 28 даана жасалма 1000 сомдук купюра табылып, айып унаа токтотуучу жайга токтотулду.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 233-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү учурда Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
