Ошто соцкоргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
Оштогу Бабур театрында бүгүн, 16-октябрда Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Иш-чарага КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эскперти Камчыбек Досматов, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанбаев, КР Министрлер Кабинетине караштуу КР Социалдык фондунун төрагасы Бахтияр Алиев, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Джумадилде уулу Мурадил, социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери катышты.
Мэрдин орун басары Замир Юсупов ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Ошондой эле айрым кызматкерлерге КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан социалдык коргоонун отличниги наамы менен төш белги ыйгарылды.