Ошто мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкерлер кылмышка шектелип кармалды
Ошто мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкерлер кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине Ош шаарындагы аймактардын биринде жайгашкан, жалпы аянты 8 000 чарчы метрди түзгөн социалдык багыттагы жер тилкеси жооптуу мамлекеттик кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жеке менчикке өтүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары башталган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын директорунун орун басары, 1978-жылы туулган Ш.К., ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы, 1968-жылы туулган С.А. кармалып, камакка алынды.
Аталган жер тилкеси «Земельные реформы Юг» аттуу көз карандысыз баалоочу уюм тарабынан 200 000 000 (эки жүз миллион) сомго бааланып, Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
