Баткен: өрт коопсуздугуна өзгөчө маани бериңиз
13 август

Баткен: өрт коопсуздугуна өзгөчө маани бериңиз

Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы кезектеги машыгууда техникалык каражаттары менен кошо күжүрмөн даярдыгын көрсөттү. Машыгууда Ак-Татыр айыл өкмөтүндө жол кырсыгынан улам өрт чыгып, өрт өчүрүүчү куткаруучуларга чакыруу түшкөн.

Айтылган дарекке кыска убакыт аралыгында жетүү жана тилсиз жоонун кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар тобу ыкчам аракет көрүштү. Бул убакытта ички иштер бөлүмүнүн жана тез жардам кызматынын кызматкерлери да тартылып, жабыркаган жаранга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.