Кыргызстанда 20-июндан тартып газга төлөбөгөндөр өчүрүлөт
Кыргызстанда 19-июндан 20-июнга караган түнү дебитордук карызы көп болгон «Газпром Кыргызстан» абоненттерине жаратылыш газын берүү токтотулат.
Өчүрүүнү болтурбоо үчүн газ кызматтары жаратылыш газга болгон карызды төлөөнү жана муну жакын арада жасоону өтүнүшөт.
►Карыздын суммасын төмөнкүлөр аркылуу билсе болот:
- жаратылыш газга эсеп-дүмүрчөк;
- «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси;
- gazprom.kg сайтынан жеке кабинет;
- 4444 сурап-билүү кызматы (уюлдук телефондон чалуу акысыз).
Карызды компаниянын филиалдарында төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:
- «Бишкекгаз» (Горький көч., 22) – «Бакай Банк», «МБанк», «Оной»;
- «Жалалабатгаз» (Байзаков пр., 2) – «МБанк», «Оной»;
- «Ошгаз» (Ленин көч., 146) – «МБанк», «Оной»;
- Кант ЭГК (Кант, Маликов көч., 6) – «МБанк», «Оной»;
- Кара-Балта ЭГК (Кара-Балта, Садовая көч., 112) – «МБанк», «Оной»;
- Ленин ЭГК (Ленинское а., Алмата көч., 248) – «МБанк»;
- Сокулук ЭГК (Шопоков, Ленин көч., 11) – «МБанк», «Оной»;
- Токмок ЭГК (Токмок, М.Горький көч., 1, пр. 17) – «МБанк».
