Аламүдүн районунда жапайы кара куурай жок кылынды
Аламүдүн районунда 2026-жылдын 3–8-август күндөрү өткөрүлүп жаткан «Кара куурай» рейддик иш-чарасынын алкагында мыйзамсыз өскөн кара куурай өсүмдүктөрүн аныктоо жана жок кылуу боюнча иш-чаралар уланууда.
Рейддин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Константиновка айыл аймагынан жапайы өскөн кара куурай өсүмдүктөрү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды.
«Кара куурай» рейддик иш-чарасынын негизги максаты – курамында баңгизат камтыган өсүмдүктөрдүн мыйзамсыз өстүрүлүшүнө жана жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле баңгизатка байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат.
Аталган багыттагы профилактикалык жана рейддик иш-чаралар белгиленген мөөнөттө улантылып, мыйзамсыз өскөн кара куурай өсүмдүктөрүн аныктоо жана жок кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
