Оштогу Раззаков көчөсүндө тротуар салына баштады
21 февраль

Оштогу Раззаков көчөсүндө тротуар салына баштады

Ош шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүндө туурасы 3 метр, жалпы узундугу 2 чакырымдан ашык аралыктагы тротуарды куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Шаар башчысы буга чейин тиешелүү кызматтарга аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз тосмолорду, курулуштар алып салуу менен бирге, тротуарларды куруу боюнча тапшырмаларын койгон.

Эскерте кетсек, жолдун бул тарабында тротуар болгон эмес. Мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана иретке келтирүү менен тротуар курууга мүмкүнчүлүк жаралды.