Ысык-Көлдө “Инновация жана интеграция аркылуу бизнести өнүктүрүү” форуму өттү
21 февраль

Ысык-Көлдө “Инновация жана интеграция аркылуу бизнести өнүктүрүү” форуму өттү

Ысык-Көл районунда үстүбүздөгү жылдын 19–20-февралында “Инновация жана интеграция аркылуу бизнести өнүктүрүү” аталышындагы форум уюштурулду. 

Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты – 2024-жылдагы долбоордук жылда колдоого алынган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ийгиликтерин көрсөтүү, алардын кандай кыйынчылыктарды жеңип өткөнүн жана бүгүнкү күндө кандай жетишкендиктерге жетишкенин баяндоо. Иш-чара мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жана ишкердик чөйрөнүн катышуусунда өттү.

Форумдун өзгөчөлүгү – реалдуу окуялар жана жандуу эмоциялар. Ийгиликтерге жетишкен жарандар өздөрүнүн башынан өткөргөн сыноолорун жана аларды жеңүү жолдорун бөлүштү. Катышуучулар арасында ар кандай ишкердик тармактарында өзүн тапкан кыргызстандыктар да бар:

  • “Ширин Дүйнө” – кыйынчылыкты жеңип, ийгиликтүү кондитердик ишкана ачкан үй-бүлө;
  • “Кофейня Латте” – өз ишин нөлдөн баштап өнүктүргөн ишкер;
  • “Табышкер” жана “Кыз Жибек” – улуттук даамдарды сактап, жаңыча ишкердик кылууга жетишкен аялдар;
  • СТО “Ак-Жол” – кесиптик билим алып, авто тейлөө тармагында иш баштаган жаштар.

Бул иш-чара ишкердик чөйрөсүндө жаңы идеяларды ишке ашырууга кызыккан жана ийгиликке жеткен адамдардын арасында байланышты күчөтүүгө жардам берди. Форум катышуучуларына өнүгүү жолдорун табууга жана бири-биринен өз тажрыйбаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү.