Чет өлкөдөн автоунаа айдап келген кыргызстандыктар өлкөгө тоскоолдуксуз кириши керектиги айтылды
Депутат Болот Ибраимов чет өлкөдө иштеп жүрүп, автоунаа алган кыргызстандыктар өз өлкөсүнө ошол автоунаасы менен тоскоолдуксуз кириши керек деп эсептейт.
Ал Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени тез арада чечүү керектигин белгиледи.
“Жайкы каникул башталды, чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар Кыргызстанга эс алуу үчүн келе башташат. Алар ошол өлкөлөрдөн сатып алган автоунаалары менен өлкөгө тоскоолдуксуз кириши керек”, – деди депутат.
Эске салсак, буга чейин депутат Дастан Бекешев дагы бул маселени көтөрүп, Россия менен Казакстанда катталган автоунаалар Кыргызстандын аймагына кириши кыйын болуп жатканын айткан. Автоунааларын чек арадан өткөрүү үчүн кыргызстандыктар башка өлкөлүктөргө 10 миң сомго чейин төлөп берүүгө аргасыз болуп жатканын билдирген.
