Жалал-Абадда 15 кабаттуу ипотекалык турак жай курулат
Жалал-Абадда барак тибиндеги үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Шаар башчысы Барпы-Сейил көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгындагы 102 объект буздурулуп, ордуна заманбап, көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курула тургандыгын айтып, дээрлик жашоочулардын бары ага макул экендигин билдирди.
Мындагы турак жайлардын ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилет.
Белгилей кетсек, аталган жайга болжол менен 15 кабаттуу турак жай курулат.
