Мурдагы депутат мамлекетке $15 млн кыймылсыз мүлкүн өткөрүп берди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Конгантиев мамлекетке жалпы базар баасы $15 млн болгон 6,5 миң чарчы метр турак жай жана коммерциялык жайларды өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы жер тилкелерин берүүдө орун алган коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча УКМК билдирди.
Тергөө маалыматына ылайык, Конгантиев борбор калаанын мэриясында жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган учурда кызматтык ыйгарым укуктарын өз кызыкчылыгына жана ага байланышы бар адамдардын кызыкчылыгына пайдаланган.
УКМКнын маалыматы боюнча, ал өзүнө жакын адамдарга жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга демилгечи болгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Конгантиев күнөөсүн моюнга алып, күнөөнү таануу тууралуу макулдашууга келип, тергөөгө көмөк көрсөткөн.
Мындан тышкары, ал өз ыктыяры менен мамлекетке «Роял Констракшн» компаниясынын курулуп жаткан объектилериндеги жалпы аянты 6500 чарчы метр болгон турак жай жана коммерциялык жайларды өткөрүп берген. Алардын базар баасы $15 млн же Улуттук банктын курсу боюнча 1 млрд 311 млн 750 миң сом деп бааланууда.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 15-июлундагы өкүмү менен Конгантиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп табылган.
Сот ага мамлекеттин кирешесине 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу түрүндө жаза дайындаган.
