Жалал-Абадда жайыттарды башкаруу жана жакшыртуу багытында жыйын өттү
Жалал-Абадда “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун башталышы тууралуу маалыматтык жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн кызматкерлери, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дыйкан-фермерлер жана “Айыл банк” филиалынын жетекчилиги катышты.
“Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоору ушул жылдын 17-февралынан тарта ишин башталган. Ага жалпы 9,2 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражат тартылган.
Долбоор негизинен жайыттар жана токойлордон көз каранды болгон фермердик чарбалардын жана кожолуктардын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу аркылуу айыл жергесиндеги жакырчылыкты кыскартууга багытталган.
Бул аракет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп, 2029-жылга чейин иш алып барат.
