"Тазалыктын" үч кызматкери Чоң-Чүй каналына түшүп кетти, окуя болгон жерге мэр барды
30 декабрь

"Тазалыктын" үч кызматкери Чоң-Чүй каналына түшүп кетти, окуя болгон жерге мэр барды

Бүгүн, 2025-жылдын 30-декабрында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалап, жумуш убактысынан кийин үйлөрүнө бара жатып, саат 8:00дөн 8:30га чейин Чоң Чүй каналына  түшүп кетип, каза болушкан. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге дароо барды.

Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө  «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган кырдаал Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.