Таласта базардан өрт чыгып, кийимдер, окуу куралдары күйүп кетти
видеодон алынган кадр
18 август

Таласта базардан өрт чыгып, кийимдер, окуу куралдары күйүп кетти

Талас шаарында жайгашкан базардын аймагындагы контейнерлердин биринен өрт чыккан.

ӨКМдин Талас башкармалыгынан кабарлашкандай, кырсык 18-августта катталып, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылган.

"Өрт саат 21:08де толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 3 контейнердин ичиндеги кийим-кечелер, үй-тиричилигине керектүү буюмдар жана мектепке керектүү окуу куралдары, ошондой эле болжол менен 60 чарчы метр аянттагы шифер жана жыгач устундар күйгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.