Нурланбек Азыгалиев Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолугушту
Бүгүн, 9-июлда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен жолугушту. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева да катышты.
Жолугушууда Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш өлкөлөр экенин белгилеп, соңку жылдары эки тараптуу кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын айтты.
«Бул ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде КМШ ПАА, ЖККУ ПА сыяктуу эл аралык аянтчалардагы кызматташуу аркылуу да ырасталууда», – деди.
Муну менен катар Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы укуктарын коргоо маселесине токтолгон Төраганын орун басары эки мамлекеттин акыйкатчыларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, укуктук тажрыйба алмашуу, жарандардын укуктарын биргелешип коргоо жаатында тыгыз иш алып барууну сунуштады.
Ошондой эле эл өкүлү кыргызстандык эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн статусун аныктоо, каттоо жана медициналык кароодон өтүү тартиби, балдардын билим берүү мекемелерине кабыл алынышы, ошондой эле административдик мыйзам бузуулар үчүн Россиядан чыгаруу маселелерине көңүл буруу керектигин кошумчалады.
«Кыргызстанда өткөрүлгөн орус тили боюнча балдардын тестирлөөсүнүн жыйынтыктарын, жарандардын медициналык кароодон өткөндүгү боюнча маалымдамаларды таануу маселелерин карап чыгуу зарыл», – деген Нурланбек Азыгалиев бул процедураларды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында жүргүзүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, Кыргызстанга КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын алкагында жүргүзүлгөн өлкөлүк сапарлардын негизинде келгенин билдирди.
Татьяна Москалькова Россиядагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен тыгыз кызматташып, кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү, эмгек мигранттары үчүн социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын ичинде медициналык жардам берүү жана балдарды мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелерине кабыл алуу маселелери камтылганын кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын камсыздоо, алардын укуктук кепилдиктерин бекемдөө боюнча маселелерди кеңири талкуулашты.
