УКМК: Кара-Суу районунда «Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү
24 май

УКМК: Кара-Суу районунда «Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү

2025-жылдын 23-майында КР УКМК жана Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 4 активдүү мүчөсүнүн жашаган жерин тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 26 диний китеп, 5 финансылык күндөлүк китеп, 34 түрдүү диний дептер, 4 уюлдук телефон, 8 флеш карта, 1 фотоаппарат, 1 компьютер жана 31 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты алынган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында аталган адамдарга карата чаралар көрүлөт.