Депутат: Салык кызматкерлери жарандардан “Түндүктө” бар маалыматтарды кагаз түрүндө алып келүүнү талап кылышууда
10 июнь

Депутат: Салык кызматкерлери жарандардан “Түндүктө” бар маалыматтарды кагаз түрүндө алып келүүнү талап кылышууда

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынкүл Мурзакимова салыктык чегерүүлөр боюнча жарандар туш келип жаткан көйгөйлөр тууралуу айтты. Ал белгилегендей, Салык кодексинин 195-196-беренесине ылайык, жарандар ипотекалык турак жай алганда же балдарын контракттык негизде окутуп жатканда, мамлекетке мурда төлөгөн салыктарынын бир бөлүгүн алууга укуктуу жана бул салыктык чегерүү деп аталат (налоговой вычет). 

“Бирок бул процедурада бюрократиялык тоскоолдуктар учурап, жарандарды ашыкча түйшүккө салып жатышат. Салык кызматтары жарандардын айлыгы жана төлөгөн салыктары тууралуу маалыматты “Түндүк” тиркемесинен өздөрү алышса болот. Министрлер Кабинети 2025-жылдын 1-июлунан тартып мамлекеттик органдарга жарандардан кагаз түрүндөгү справка талап кылууга расмий тыюу салган. Бирок ага карабай бул көрүнүш уланууда”, – деди депутат. 

Айтымында, бүгүнкү күндө салык кызматкерлери салыктык чегерүүлөрүн алууну каалагандардан №160 форматындагы, бухгалтердин мөөрү басылган справка талап кылып жатышат. 

Мурзакимова Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү, “Түндүк” тиркемесинен алууга мүмкүн болгон справкаларды жарандардан талап кылууга тыюу салууну сунуштады.