Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
2025-жылдын 16-майында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге М.М., аттуу жаран арызы менен кайрылган, анда Ф.С., аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Себеби 2024-жылдын сентябрь айында ал дача тилкесинде мончо куруу үчүн эсептешүү катары баасы 20 000 АКШ долларын түзгөн «Chevrolet Trailblazer» үлгүсүндөгү автоунааны алган. Курулуш иштеринин баасы 10 000 АКШ долларына бааланып, калган 10 000 АКШ долларын автоунаанын ээсине накталай кайтарып берүү милдетин алган. Бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, жүргөн жерин жашырып, качып кеткен.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган жаран Ф.С. аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен жаран шектүүнүн кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, ага карата баш коргоо чарасы катары камакка алуу тандалып, 1-Тергөө абагына камакка алынды.
Учурда шектүүгө карата алдамчылык фактылары боюнча башка да окшош арыздардар бар экени аныкталууда.
Тергөө иштери улантылууда.
