Комитет президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулады
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда тең жактырылды.
Демилгечи - Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев.
Депутат Нурланбек Азыгалиев конституциялык мыйзам долбоору колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын мамлекеттик жана расмий тилдердеги редакцияларындагы дал келбестиктерди жоюу максатында иштелип чыккандыгын баса белгиледи.
Ошентип, 5-беренени мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынат: «Кыргыз Республикасынын жарандары Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт».
