Бишкекте атып өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча 2 милиция кызматкери кармалды
30 декабрь

Бишкекте атып өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча 2 милиция кызматкери кармалды

Үч баланын энесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө байланыштуу эки милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу КР УКМКдан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен үч баланын энесинин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өндүрүшүнө кабыл алынган.

Бул иш боюнча тергөө тобу түзүлүп, оор кылмыштын жасалышына өбөлгө түзгөн себептерге жана шарттарга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошентип, тергөөнүн жүрүшүндө маркумга карата өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келгендиктен,"Жогорку деңгээлдеги" - коргоочу ордеринин болгондугуна байланыштуу жаңы жагдайлар аныкталды.

Бирок, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын жооптуу участкалык инспектору Ж.Н. өзүнүн кызматтык милдеттерине көңүл бурбай, жабырлануучунун көп жолку кайрылууларын эске албай, арыз ээсинин жана анын балдарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген чараларды көргөн эмес.

Мындан сырткары, участкалык инспектор Ж.Н. мыкаачылык менен киши өлтүрүлгөндөн кийин, өзүнүн кылмыштуу аракетсиздигин жашырууга аракет кылып, киши өлтүргүчтүн жашаган жери боюнча текшерүү жүргүздү делген актыларды жасалмалаган.

Ошондой эле тергөөдө Бишкек ШИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору А.К. мыйзамды одоно бузуп, айыпталуучуга травматикалык тапанчаны сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты мыйзамсыз берип, узарткандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, киши өлтүрүү болгон мезгилде уруксаттын мөөнөтү бүтүп калгандыгына карабастан, улук инспектор А.К. айыпталуучудан тапанчаны тартып алуу үчүн эч кандай чара көргөн эмес.

2025-жылдын 29-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан жогоруда аталган милиция кызматкерлерине жасалган кызматтык кылмыштар боюнча айыптоолор менен кылмыш иштери козголгон. Ошол эле күнү алар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылып, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тергөө учурунда аларды сотко чейинки камакка алуу чечимин чыгарды.

Тергөө уланууда жана анын жыйынтыгы боюнча бардык жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери кылдат текшерилип, тиешелүү юридикалык баа берилет.