Ак-Талаада каттоодо турган 2 жаран уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартты
15 февраль

Ак-Талаада каттоодо турган 2 жаран уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартты

2026-жылдын 12–14-февраль күндөрү Ак-Талаа районунун аймагында “Бандит”, “Притон” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ак-Талаа районунун тургундары – 1978-жылы туулган М.С. жана 1976-жылы туулган М.Т. аттуу жарандар Ак-Талаа РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсү тарабынан райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинип, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө жарандар уюшкан кылмыштуу топтордун идеологиясын колдобой тургандыгын билдиришип, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана коомдук тартипти так сактап, мыйзам бузууга жол бербестигин айтышты.

Ак-Талаа РИИБи тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана алдын алуу багытындагы иш-чаралар мындан ары да улантылат.