Үч медициналык уюм «Жооптуу бол!» республикалык бир айлыгынын алкагында сыйланды
27 март

Үч медициналык уюм «Жооптуу бол!» республикалык бир айлыгынын алкагында сыйланды

«Жооптуу бол!» бир айлыгынын алкагында уюштурулган бул конкурс жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО), анын ичинде гипертония, диабет жана рак оорусунун алдын алуу жана аныктоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле өлкөдөгү ЖЭОдон болгон өлүмдү азайтууга багытталган. Конкурстун жыйынтыгында, швейцариялык долбоор төмөнкү медицина мекемелерин акчалай сыйлыктар менен сыйлады:

1-орун – 200 000 сом – Нарын облусунун Облустук үй-бүлөлүк медицина борбору

2-орун – 150 000 сом – Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борбору, Нарын облусу

3-орун – 100 000 сом – Сүлүктү шаарынын Жалпы дарыгерлик практика борбору, Баткен облусу

Саламаттыкты сактоо уюмдарына сыйлык тапшыруу аземи КР саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин Экономикалык өнүгүү жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн башчысы Рено Вуньенин, саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын катышуусунда өттү.

«Баштапкы медициналык санитардык жардам – бул саламаттык сактоо системасынын фундаменти болуп, медициналык жардамга муктаж адамдар үчүн алгачкы байланыш түйүнү болуп эсептелет. Баштапкы медициналык санитардык жардам саламаттык сактоо ресурстарын оптималдаштырууга, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жана алдын алууга көмөктөшөт. Баштапкы медициналык санитардык жардам уюмдарынын медициналык кызматкерлеринин уюшкан жана тынымсыз эмгегинин аркасында биз бир катар алдын алуу программаларын ийгиликтүү ишке ашыруудабыз. Алардын бири – эркектер үчүн уюштурулган «Жооптуу бол!» бир айлыгы. Мындай акциялардын туруктуулугу бизге алдын алуу чараларын активдүү илгерилетүүгө мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүдө негизги элемент болуп саналат. Алдын алуу жана ооруларды эрте аныктоо саламаттык сактоо системасына түшкөн жүктү азайтып, натыйжада медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт», – деди Эркин Чечейбаев, Саламаттык сактоо министри.