Ден соолукту чыңдоо өнөктүгүнүн алкагында 375 бала жайкы эс алууга жөнөп кетти
Эмгек министрлиги
10 июнь

Ден соолукту чыңдоо өнөктүгүнүн алкагында 375 бала жайкы эс алууга жөнөп кетти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев 2026-жылдагы жайкы ден соолукту чыңдоо өнөктүгүнүн алкагында социалдык жактан аярлуу категориядагы балдардын биринчи агымын жайкы эс алууга жөнөтүү процессин жеке көзөмөлгө алды.

Балдардын жайкы эс алуусу 10-июнда башталат.

Биринчи агымга Бишкек шаарынан, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген 375 бала кирди.

Программанын алкагында жалпысынан 11 агымды уюштуруу пландалууда, анда 800 бала эс алуу менен камтылат. Ар бир агымга майыптуулугу бар балдардын катышуусу каралган.

Программа социалдык жактан аярлуу топтордогу балдардын ден соолугун чыңдоого, толук кандуу эс алуусун камсыз кылууга жана алардын коомго интеграцияланышына шарт түзүүгө багытталган.

Балдарды жөнөтүүнүн алдында министр коштоп жүрүүчүлөр, ата-энелер жана балдардын өздөрү менен баарлашып, жайкы эс алуу өнөктүгүн өткөрүүдө балдардын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгиледи.

«Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, майыптуулугу бар балдарга, камкордуктагы балдарга, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга эс алуу жана ден соолугун чыңдоо мүмкүнчүлүгүн түзүп келет. Ар бир баланын жайкы эс алуусун кызыктуу өткөрүп, ден соолугун чыңдап, эң негизгиси коопсуз шартта эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү биз үчүн өтө маанилүү», — деди Канат Сагынбаев.

Министр бардык балдарга көңүлдүү эс алуу, жаркын таасирлер, жаңы достор, чың ден соолук жана унутулгус жайкы күндөрдү каалады.