Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн саны 10,7%га өстү
21 февраль

Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн саны 10,7%га өстү

2ГИСтин маалыматына таянсак, 2024-жылдын башына карата Бишкекте 5 миң 470 жөө адамдар өтүүчү өтмөк болгон, ал эми 2025-жылдын башына карата алардын саны 6 миң 54тө өскөн.

Ошентип, бир жылдын ичинде борбор калаада 584 жаңы жөө өтмөк пайда болгон, башкача айтканда, көрсөткүч 10,7%га өскөн.

Жөө өтмөктөрдүн көбөйүшүнө шаар ичинде жүргүзүлүп жаткан жолдорду оңдоо жана кеңейтүү иштери себеп болушу ыктымал.