Психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз алып келүүгө шектүүлөр камакка алынды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК жана “Манас” аэропортунун бажы кызматы тыюу салынган дары каражаттарын аткезчилик жол менен алып келүү каналын аныктап, ага бөгөт коюшту.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МБКнын “Манас” бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан өлкө аймагына эркин жүгүртүүгө тыюу салынган дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып келүү каналы аныкталып, токтотулду.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 2025-жылдын 19-июлунда болжол менен саат 11:00дө 1963-жылы туулган жаран О.Ж.М. кармалды.
Жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгында тиешелүү уруксат кагаздары жок алып келинген күчтүү таасир этүүчү дары каражаттары табылып, алынган.
Бул факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
ИИМдин БМЖККК эскертет: психотроптук жана күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз алып кирүү, сактоо жана жайылтуу кылмыш жоопкерчилигине алып келет. Жарандарды сак болууга жана мыйзамдарды так сактоого чакырабыз.
