Токтогулда “Өспүрүм түн” аталышындагы түнкү рейддик иш-чара өткөрүлдү
6 май

Токтогулда “Өспүрүм түн” аталышындагы түнкү рейддик иш-чара өткөрүлдү

Токтогул РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте "Өспүрүм түн" иш-чарасы болуп өттү.

Рейддин жүрүшүндө түнкү убакта көчөдө жүргөн жалпы 42 өспүрүм аныкталып, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө карата айып пулдар салынды.

Ошондой эле каникул учурунда ата-энелерге балдардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүү, алардын кайда жана кимдер менен жүргөнүнө көңүл буруу жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.