Баткенде 4 тоннадан ашык мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүк аныкталды
«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Раззаков-Баткен-Ош багытында бара жаткан «Mercedes-Benz 416CDI» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүү жүргүзүлгөн.
Унааны КР «Б.Б.А» жараны башкарып бара жаткан. Автоунаанын жүк бөлүгүн бажылык текшерүүдө эч кандай жүк коштоочу документтери жок товарлар табылган:
- алюминий менен изоляцияланган зымдар – 200 рулон, салмагы 2840,1 кг, алюминий зымы A35 – 10 рулон, салмагы 839 кг, жана электр зымдарын бөлүштүрүүчү желим кутулар;
- Дарылар:
- 48 000 ампула "Дексаметазон"
- 4000 Ranitidine кассеталары
- "Мифепристон жана Мисопростол" айкалыштырылган дарылардын 1958 кассетасы;
- Нидерландыда өндүрүлгөн жашылча жана бакча өсүмдүктөрдүн үйрөндөрү – 361 кап жана күрүч.
- Алынган товардын жалпы салмагы 4048 кг.
Товар жана унаа убактылуу сактоо үчүн «Кайырма+Дума» ЖЧКсынын аймагына коюлган. Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча Тергөө башкармалыгынын тергөө секторуна өткөрүлүп берилди.
