Чүй облусу: рейдтик иш-чаранын жыйынтыгында 19 431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
1 август

Чүй облусу: рейдтик иш-чаранын жыйынтыгында 19 431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Чүй облусунун аймагында жол унаа кырсыктарын алдын алуу болтурбоо максатында 2025-жылдын 7-июль күнүнөн тартып 31-июль күнүнө чейин Алдын ала маалымат боюнча рейдтик иш-чаранын жыйынтыгында 19 431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Чүй ОИИББ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында 2025-жылдын 7-июль күнүнөн 31-июль күнүнө чейин, рулда аттуу рейдик иш-чара өткөрүлдү.

Алдын ала маалымат боюнча 19431 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 265;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу –155;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 77;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 80;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашууи – 5344;
  • Карама каршы тилкеге чыгып озуп өтүү – 275;
  • Жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузуу – 641;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 671 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.