Баткендин эң алыскы Зардалы айылына тез жардам унаасы тапшырылды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер Баткен районунун эң алыскы, шарты катаал Зардалы айылына иш сапар менен барышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Аткаминерлер элдин турмуш шарты менен жеринде таанышты.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында, өзгөчө алыскы айылдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда", – деп айтылат маалыматта.
Облус башчысы айылга президент тарабынан берилген, заманбап, толук жабдылган тез жардам унаасын тапшырды.
Ошондой эле жетекчилер Зардалы айылына баруучу жаңы жолдун курулушун да көрүштү. Учурда узундугу 17 чакырым болгон жолду жардыруу, кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.
Эске салсак, өткөн жылы айылга өлкө башчысы келип кеткен, андан соң айылга электр энергиясы жана уюлдук байланыш жеткирилген.
Иш сапар учурунда жетекчилер айыл эли менен жолугушуу өткөрүп, алардын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү, туризмди өнүктүрүү маселелерин ортого салышты.
