Жалал-Абаддагы коммуналдык кызматтарга 19 унаа тапшырылды 
16 июнь

Жалал-Абаддагы коммуналдык кызматтарга 19 унаа тапшырылды 

Жалал-Абаддагы коммуналдык кызматтарга атайын унаалар тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, ачкычтарды бүгүн, 16-июнда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тапшырган. 

Автоунаалар төмөнкү кызматтарга берилди:

  • "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине,
  • "Жалал-Абадсууканал" башкармалыгына,
  • Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына,
  • Жол башкармалыгына,
  • Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине.

19 унаанын экөө жергиликтүү бюджеттен алынса, калганы Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу сатып алынды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын коммуналдык мекемелерине Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу жалпы 32 даана атайын техника сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бүгүн алардын 17си келди. Алдыда дагы 15 атайын техника келиши күтүлүүдө.