Кемсинткен сөздөрдү камтыган видеонун таралышы боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги интернет тармагында аял киши унаа айдап бара жатып, ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеонун таркап кетишине байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
Мындай аракеттерге жол берилгис жана улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине карама-каршы келет. Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастык козутууга жол бербөөгө милдеттүү.
Азыркы учурда аталган факты катоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды бири-бирине урмат-сый мамиле кылууга, өзгөчө коомдук мейкиндикте жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
