Руслан Казакбаев Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырып, АлбаниянынЕвропа жана тышкы иштер министринин орун басары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
2025-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Албания Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Анкара шаарында) Руслан Казакбаев Албания Республикасынын Тышкы жана Европалык иштер министрлигинин Мамлекеттик протоколунун директору Ариан Спассага Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.
Албаниялык дипломат Р.Казакбаевди куттуктоо менен бирге, кыргыз тараптын тажрыйбалуу дипломат жана саясатчыны Албаниядагы дипломатиялык өкүл катары дайындоо чечимине канааттангандыгын билдирди жана анын жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык С.Н. Жапаров Руслан Айтбаевич Казакбаев Кыргыз Республикасынын Албания Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды, резиденциясы Түркия Республикасынын Анкара шаарында.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Албания Республикасындагы элчиси Р.Казакбаев Албания Республикасынын Европа жана тышкы иштер министринин орун басары Эндрит Йзейрай менен жолугушуу өткөрдү.
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Албания Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маселелер талкууланды.
Саясий, маданий-гуманитардык, илимий-билим берүү жана соода-экономикалык тармактарда мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана активдештирүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Албаниянын парламентинде парламенттер аралык достук топторун түзүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевден Албаниянын Европа жана Тышкы иштер министри Игли Хасаниге Кыргызстанга келүүгө чакыруу каты берилди.
Тараптар ошондой эле өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө макулдашышты.
Элчи Р.Казакбаев Кыргызстан менен Албаниянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны, биринчи кезекте экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы базалык макулдашууларга кол коюу аркылуу кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн эл аралык платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери кеңири талкууланды.
