Оштогу эки деңгээлдүү эстакада 31-августка карата пайдаланууга берилет
видеодон алынган кадр
18 август

Оштогу эки деңгээлдүү эстакада 31-августка карата пайдаланууга берилет

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы Б. Осмонов, Г. Айтиев жана Көкүм-Бий көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Министрдин айтымында, объекттин курулушу 2025-жылы тиешелүү документтери жок, оозеки келишим менен башталган.

Президенттин тапшырмасы менен көпүрө Курулуш министрлигинин көзөмөлүнө алынып, долбоордук документтери жана сметалык наркы даярдалып, курулуш иштери улантылган.

“Учурда курулуш иштери аяктоо алдында. Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз”, — деди Нурдан Орунтаев.

Эстакада министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун сметалык наркы 500 млн сомдун тегерегинде. Эстакаданын узундугу 84 метр, ага байланышкан жол 334 метрди түзөт.

Учурда көпүрөнү монтаждоо, бетон, таяныч дубалдарды жана тосмолорду орнотуу иштери толук аяктап, жолго асфальт төшөөгө даярдык жүрүүдө.