Ош ОИИБ
18 август
Күзүндө «мал жоголду» же «уурдалды» дегендердин саны өсөт. Ошто түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ноокат РИИБдин кызматкерлери аймактарда мал уурулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүштү.
Ош облустук милициясынын билдирүүсүнө караганда, жайлоого айдалган малды жаз мезгилинен тартып, күзгө чейин кароосуз калтырып, натыйжада күзүндө «мал жоголду» же «уурдалды» деп кайрылган жарандардын саны өсөт.
Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери мал ээлерине жана чабандарга мүлктүн коопсуздугу эң оболу ээсинин жоопкерчилигинде экенин эскертишти.
Милиция кызматкерлери малды чабанга тапшырууда эки тараптуу укуктук күчү бар келишим түзүп, малдын эсебин жана жоопкерчилигин так белгилеп алууга, малга эн салуу жана биркалоо, ошондой эле дайыма көзөмөлдөп турууну зарылдыгын баса белгилешти.
