Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды
КР ИИМ
18 август

Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды

Россиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин социалдык тармактарда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жараны жашы жете элек баласын ооруканага жаткырып, кийин энеси полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгарылгандыгы жана анын өспүрүм баласы кароосуз калгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Аталган маалыматтын негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбору (ЖУАБ) тарабынан тиешелүү тактоо иштери жүргүзүлгөн.

Тактоо иштеринин жүрүшүндө аталган жашы жете элек бала өзүнүн бир тууган агасы жана эжеси менен бирге 2026-жылдын 3-июлунда Москва шаарындагы балдар реабилитациялык борборуна ата-энесинин камкордугусуз калган балдар катары жайгаштырылганы аныкталган.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Россия Федерациясынан үч бир тууган Кыргыз Республикасына кайтарылып келинип, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында атасына өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы тиешелүү иштерди мындан ары да улантат.