Төрага Нурланбек Тургунбек уулу он төрт балалуу үй-бүлөгө унаа белек кылды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз үй бүлөсүнүн атынан он төрт балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өлкөбүздүн башкы байлыгы эл экенин белгилеген төрага:
“Азыркы тапта калкыбыздын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болууда. Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүбүз кажет. Себеби, биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ”, – деди.
Ошондой эле балдар бир ата-эненин гана эмес, жалпы мамлекеттин келечеги экенин баса белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалады.
