Кайтпас–Өтүкчү жолунда жайгашкан «Өтүкчү» көпүрөсү убактылуу жабылды
13 август

Кайтпас–Өтүкчү жолунда жайгашкан «Өтүкчү» көпүрөсү убактылуу жабылды

2025-жылдын 12-август күнү саат 7:00 чамасында Кожошкен дарыясы аркылуу ɵткɵн «Өтүкчү» көпүрөсүндɵ жарака пайда болуп, анын натыйжасында, Баткен облусундагы Сох анклавына барган негизги жол убактылуу жабылды.

Тактап айтканда, Кайтпас–Өтүкчү жолунда жайгашкан «Өтүкчү» көпүрөсүнүн жээктериндеги тирөөчтөрдүн алдын суу жеп, чөгүп жаткандыгынын кесепетинен кɵпүрɵнүн үстүнɵн жарака пайда болгон.

Жолдогу коопсуздукту сактоо максатында, Сох анклавына альтернативдүү маршрут катары Өтүкчү–Апкан жолу аркылуу өтүүнү сунуштайбыз.

Жарандардан жана унаа ээлеринен аталган жагдайды түшүнүү менен кабыл алып, убактылуу сунушталган альтернативдик жолду колдонууга чакырабыз.