Бишкекте айдоочу оңдоп-түзөө жүрүп жаткан жолго кирип, жумушчу менен мушташты
2025-жылдын 12-августунда болжол менен саат 11:00 чамасында Лев Толстой жана Садырбаева көчөлөрүнүн кесилишинде жол оңдоо ишинин кызматкери менен Toyota RAV4 автоунаасынын айдоочусунун ортосунда жаңжал чыккан.
Бул окуянын видеосу WhatsApp мессенжеринде тараган.
Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин МЭЖге катталган.
Ленин РИИБге Д.А. аттуу жаран айдоочуга карата арыз менен кайрылган, бирок соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1978-жылы туулган М.И. аттуу жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, ага карата Кыргыз Республикасынын Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Милиция жарандарды коомдук тартипти сактоого, мыйзамга каршы аракеттерге жол бербөөгө жана талаш-тартыштуу кырдаалдар жаралганда ички иштер органдарына кайрылууга чакырат.
