Айбек Абдымомунов “Азия балдары” эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов менен жолугушту
9 июль

Айбек Абдымомунов “Азия балдары” эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов расмий иш сапарынын алкагында Саха (Якутия) Республикасында “Азия балдары” эл аралык комитетинин президенти Владимир Максимов менен жолугушту.

Жолугушуу аталган уюмдун штаб-квартирасында өтүп, анда балдар жана өспүрүмдөр спорту, эл аралык кызматташууну чыңдоо жана алдыдагы ири спорттук иш-чараларга даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Айбек Абдымомунов “Азия балдары” эл аралык комитети менен кызматташуу Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул уюм менен биргелешкен демилгелер жана программалар өлкөдө массалык спортту өнүктүрүүгө, жаштар арасында дени сак жашоо образын жайылтууга жана келечеги бар жаш спортчуларды колдоого салым кошуп келет.

Жолугушууда адистер ортосундагы тажрыйба алмашуу, билим берүү жана спорттук программаларды ишке ашыруу, ошондой эле Кыргызстандын алдыдагы “Азия балдары” оюндарындагы катышуусу боюнча маселелерге көңүл бурулду.

Тараптар буга чейин башталган биргелешкен долбоорлорду улантуу жана кызматташтыктын жаңы багыттарын иштеп чыгуу боюнча макулдашты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасы “Азия балдары” оюндарында 1996-жылдан бери активдүү катышып келе жаткан өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Айбек Абдымомуновдун жетекчилиги менен өлкөбүздө эл аралык спорттук кызматташтыкты кеңейтүү жана таланттуу жаштарды колдоо багытындагы иштер активдүү жүргүзүлүүдө.