Баткен райондук администрациясы
25 апрель
Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө ФАП курулууда
Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Күн мурун, 24-апрелде Баткен районунун акими Данир Иманалиев курулуш иштери менен жеринде таанышты.
Аталган объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, бардык талаптарга жооп берген заманбап шартта курулууда. Курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.
Аким курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, жооптуу тараптарга иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
