Бишкектин бир бөлүгүндө 28-апрелде суу өчүрүлөт
Бишкектин бир бөлүгүндө 28-апрелде саат 9:00дөн 00:00гө чейин суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөсү.
Анын ичинде: «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштары.
«Северный» суу топтомосунда диаметри 400 мм болгон бурама тээктерди алмаштыруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт, ишканаларды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

