Венеция шаарында Элчи Таалай Базарбаев Биеннале жана Венето аймагынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү
2025-жылдын 31-июлунан 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Венецияга иш сапары менен барып, Венеция биенналесинин президенти Пьетранджело Буттафуоко, аймактык кеңешчи, Венето облусунун институттук иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Лучиано Сандона менен жолугушууларды өткөрдү.
Ошондой эле, иш сапардын алкагында 2026-жылы өтө турган Венеция заманбап көркөм өнөр биенналесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун орду катары бекитилген Санта-Катерина музейине баруу болду.
Маалымат үчүн: Венеция
Элчинин Венето аймагынын кеңешчиси, институттук иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Лучиано Сандона менен жолугушуусунун жыйынтыгында тараптар боордоштук мамилелерди түзүү, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана студенттерди алмашуу программасын баштоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты. Лучиано Сандона ошондой эле кыргызстандык компанияларды Венето аймагы менен кызматташууга чакырды.
Элчинин Венеция биенналесинин президенти Пьетранджело Буттафуоко менен болгон жолугушуусунда, тараптар Кыргыз Республикасынын 2026-жылы Венециядагы заманбап көркөм өнөр биенналесинде боло турган катышуусун талкуулашты. Элчи Кыргыз тарап катышууга даярдыкты алдын ала баштаганына, тактап айтканда Улуттук павильондун кураторун жана сүрөтчүсүн аныктаганына, ошондой эле учурда Кыргыз Республикасынын павильонунун концепциясы боюнча иштеп жатканына көңүл бурду. Президент Буттафуоко Кыргызстандын маданиятты жана улуттук иденттүүлүктү жайылтуу жаатындагы ишмердүүлүгүн жогору баалады
