ЖКККББ: «Рулда» рейди республика боюнча уланууда
«Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын аткаруу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында, өзгөчө түнкү убактарды эске алып «Рулда» аттуу профилактикалык рейд уланууда.
Рейддин алкаганда эки сутка ичинде Бишкек шаарынын аймагында жалпы 1 810 бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. Алардын ичинде:
Унааны мас абалында башкаруу – 16;
Унаа каражатынын алдынкы терезелерин мыйзамсыз карангылатып алуу – 19;
Үндү катуулатуучу каражаттарды колдонуу – 50;
Мото, скутер айдоочулары тарабынан жасалган эреже бузуулар – 46;
«Авто-Ураган» системасы аркылуу аныкталган бузуулар – 60;
Айып короосуна токтотулган унаалар – 328;
Жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузуу учурлары – 76;
Автоээнбаштык фактылар – 12;
Рейддин максаты – түнкү убакта жарандардын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыздоо, ошондой эле одоно жол эреже бузууларды алдын алуу.
Эгерде айрыкча түнкү убакта жарандардын тынчтыгын бузган жана жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузган фактыларга күбө болсоңуз, күнү-түнү иштеген 777 102 102 ишеним номерине билдирүү жөнөтүүнү сунуштайбыз.
