Жалал-Абад: санариптик байланыш жабдыктары орнотулду
"Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери курулуш бөлүмүнүн долбоорунун негизинде көмөк чордондорго көп каналдуу санариптик жабдыктарды орнотушту. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин ар бир көмөк чордондо "АСК-3, СПИ- 122" байланыш жабдыктары менен жумуш жүргөн.
Мында байланыш бир гана көмөк чордон менен гана болсо, эми алардын мүмкүнчүлүгү кеңейип, "ЦВК-16" жабдыгына алмаштырылды. Жаңы жабдыктардын өзгөчөлүгү көп каналдуу болгондуктан, бир нече көмөк чордондор жана борбордук аппарат менен түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар.
Мындай байланыш жабдуулары 220/110/10 кВ "Торобаев", 110/35/10 кВ "Базар- Коргон", 110/35/6кВ "Избаскент", 110/35/10 кВ "Урумбаш", 110/35/6 кВ "Юг", 110/6 кВ "Көк-Таш", 110/35/10кВ "Районная" көмөк чордондорунда орнотулду.
Бул жумуштарды ишкананын диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттарынын жергиликтүү кызматы аткарды. Кызматта 12 адам жумуш алып барат.
