Кулубаев ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директорун кабыл алды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүшүн 2025-жылдын 1-январынан тартып Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррористтик түзүмүнүн аткаруу комитетинин (ШКУ РАТС) директорунун милдетин аткарууга киришкен Уларбек Шаршеевди кабыл алды.
Жээнбек Кулубаев Уларбек Шаршеевди жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы ШКУнун РАТС ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Министр ШКУнун мүчө мамлекеттердин терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүүдөгү күч-аракеттерин координациялоого көмөктөшүүчү түзүмдүн, туруктуу иштөөчү органдарынын бири катары, маанилүү ролун белгиледи.
ШКУнун РАТС директору колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, министрге учурдагы приоритеттер жана жакынкы мезгилге карата иш пландар тууралуу маалымат берди.
Тараптар ШКУнун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө байланыштуу актуалдуу маселелерди, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуу аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө тараптуу даярдыгын баса белгиледи.
