Кыргызстандыктардын 73%ы пенсияга чыккандан кийин да иштөөнү пландаштырууда
Кыргызстандыктардын дээрлик төрттөн үчү пенсия курагына жеткенден кийин да ишин улантууну пландаштырууда.
Каржылык сабаттуулук боюнча жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, респонденттердин 73%ы пенсияга чыккандан кийин иштөөнү улантарын билдирген.
Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 51%ы гана пенсияга чыгууга жакшы даярдык көргөнүн белгилеген.
Калктын олуттуу бөлүгү карылыкта өз кирешесине гана ишенбейт.
Респонденттердин 46%ы балдарынан же башка туугандарынан каржылык колдоо күтсө, дагы 39%ы жубайынын жардамын күтөт.
Мамлекеттик пенсиялык камсыздоого каражат булагы катары сурамжылоого катышкандардын болжол менен үчтөн бири ишенет.
Изилдөөнүн авторлору белгилегендей, көптөгөн жарандарда кошумча пенсиялык топтомдорду түзүү боюнча билим жана тажрыйба азырынча жетишсиз.
