Таласта  күчтүү таасир этүүчү препараттар алынды
9 июль

Таласта күчтүү таасир этүүчү препараттар алынды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө психотроптук заттардын ири партиясын мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды.

ИИМден кабарлашкандай, Талас шаарында 34 жаштагы К.У. Э. аттуу жарандан курамында психотроптук заты бар күчтүү таасир этүүчү 46 455 капсуладагы препараттар табылып алынган.

Аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.