Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди
1 август

Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары – Конституциялык сот) 2024-жылдын 13-ноябрындагы чечимин аткаруу максатында даярдалган.

Конституциялык соттун аталган чечимине ылайык Конституциялык сот сот адилеттигин камсыз кылуу жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча өз милдеттерин натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу үчүн соттук кабарлоолордун колдонуудагы системасы азыркы техникалык жетишкендиктерди эске алуу менен колдонуудагы механизмдерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө муктаж деген тыянакка келген.

Ошондой эле, аталган чечимде соттук кабарлоо сот адилеттигинин маанилүү элементи катары, сот процесси башталгандыгы жөнүндө тараптарга, айрыкча жоопкерге өз убагында жана туура кабарлоону камсыз кылган жол менен жүргүзүлүшү керек.

Ошондуктан, Мыйзам сот өндүрүшү жөнүндө тараптарга кыйла натыйжалуу кабарлоону камсыз кылуу менен жарандык сот өндүрүшүн жакшыртууга багытталган.

Ушуга байланыштуу, Мыйзам менен заманбап технологияларды эске алуу менен соттук кабарлоолор системасын караган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Негизги көңүл тараптарга соттук териштирүүлөр жөнүндө кабарлоо үчүн электрондук байланыш каражаттарын киргизүүгө бурулган, ал электрондук почтаны, смс-билдирүүлөрдү, факсимилдик байланышты жана башка санариптик ыкмаларды колдонууну камтыйт.

Тараптарга соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө өз убагында кабарлоону камсыз кылуу, ошондой эле сот процессин создуктурууга багытталган мүмкүн болгон кыянаттык кылуулардын алдын алуу үчүн Мыйзам менен, эгер бар болсо,  арызда доогердин, жоопкердин жана алардын өкүлдөрүнүн байланыш маалыматтарын көрсөтүү сунуш кылынат.