Ысык-Көл облусунун дыйкандарына заманбап агротехнологиялар көрсөтүлдү
16 июнь

Ысык-Көл облусунун дыйкандарына заманбап агротехнологиялар көрсөтүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмү жана органикалык айыл чарба департаментинин кызматкерлери GIZ эл аралык өнөктөш уюму менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы дыйкандар менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында дыйкандар менен агрардык маселелер боюнча пикир алышуу болуп, топурактын курамын жана азыктуулугун аныктоочу заманбап жабдуулар тааныштырылды.

Ошондой эле бул жабдууларды колдонуу ыкмалары жана натыйжалуулугу боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — дыйкандардын эмгегин колдоо, жер семирткичтерди туура пайдалануу, ошондой эле органикалык өндүрүштүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.